Прокуратура Ырыс Жекшеналиевдин ишин кайра кароо өтүнүчүн келтирди. Бул тууралуу жактоочу Кантемир Турдалиев билдирди.
Анын айтымында, прокуратура Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун активист Ырыс Жекшеналиевди актаган чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна арыз берип, ишти райондук сотко кайра кароого жөнөтүүнү өтүндү.
«Иштин эмнесин кайра кароо керектиги түшүнүксүз. Анткени иш өткөн жылдын август айынан баштап каралган, 4 ай тергөө болду. 1 жыл соттук териштирүү жүрүп, 2 жолу экспертиза дайындалган»,-деди Кантемир Турдалиев.
2023-жылдын 4-декабрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту «Полит Узник» баракчасынын администратору Ырыс Жекшеналиевди толук актаган чечим чыгарган.
Жекшеналиев 2022-жылдын 14-августунда УКМКнын экс-төрагасы Абдил Сегизбаевдин Нарын облусундагы Жетим-Тоо кени боюнча айткан эски видеосун жарыялаганы үчүн ИИМге суракка чакырылып, кармалган.
Жекшеналиевге карата «Массалык башаламандыктар» («Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар») беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.