• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Прокуратурадагы чоң тополоң. Бир нече жетекчилер сөгүш алышты

7 Баш оона 2018 17:35 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 07.08.2018. Govori.TV.
Прокуратуранын айрым кызматкерлери сөгүш алып, кээ бири кызмат ордунан төмондөтүлдү. Бул туурасында Башкы прокуратуранын басма-сөз кызматынан билдиришти.
Башкы прокурордун 2018-жылдын 6-августундагы буйругу менен 11 кызматкерге карата эскертүү, 8 кызматкерге сөгүш, 9 кызматкерге катуу сөгүш, 9 кызматкер ээлеген кызматына толук ылайык келбестиги жөнүндө эскертүү, 12 кызматкер кызмат ордунан төмөндөтүү жөнүндө тартиптик жазалары жарыяланган.
Атап көрсөткөндө, төмөндөгү кызматкерлер кызмат ордуларынан төмөндөтүлүштү: Ош шаарынын прокурору, Ош шаарынын прокурорунун орун басары, Бишкек шаарынын прокурорунун орун басары, Бишкек шаарынын прокурорунун эки орун басары, Бишкек шаарынын Ленин районунун прокурору, Ленин районунун прокурорунун орун басары, Биринчи Май районунун прокурорунун орун басары, Октябрь районунун прокурорунун орун басары, Чүй облусунун жана Бишкек, Ош шаарларынын прокуратураларынын бөлүмдөрүнүн башчылары жазаланышты.
Кошумчалай кетсек, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын 2018-жылдын 27-июлунда өткөрүлгөн коллегиянын чечими менен кызматтык милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы, прокурордук көзөмөлдү жетиштүү деңгээлде жүргүзбөгөндүгү жана башка иштеги орчундуу кемчиликтер үчүн прокуратура органдарынын жетекчилик жана катардагы курамда эмгектенген кызматкерлерди катуу тартиптик чараларга кириптер кылуу жөнүндө бүтүм кабыл алынган.
Количество просмотров: 28