• Шаршемби 1 Теке 2026
  • Среда 1 Июль 2026

Прокурор Аскарбек Шадиевди 11 жыл абакта кармоону суранды

25 Бештин айы 201817:37 Бишкек Govori.TV

Бишкек.25.12.2018.Govori.TV

 Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук соту  экс-депутат Аскарбек Шадиевдин кылмыш ишин карап жатат. Аскарбек Шадиевге коюлган айыптар толук түрдө иликтөө иштеринин негизинде далилденген.

Прокурор экс-депутатты кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганы үчүн 11 жыл эркинен ажыратууну жана мүлкүн конфискациялоону  суранууда.

 Ал эми жактоочу Аскарбек Шадиев Арсен Закировдун иши боюнча күбө катары гана өткөнүн,мындан улам чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө эч кандай себеп болбогондугун айтты.

Жактоочу анын кылмыштын курамында болбогондугу үчүн актоону суранды.

Бүгүн, Жогорку Кеңештин бөлүм башчысы Арсен Закировго каршы өкүм чыгып, ал алты жылга соттолду.

   Эске салсак, Аскарбек Шадиевге карата «кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Буга быйыл жыл башында Жогорку Кеңештен Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлык катары бөлүнгөн 30 миң доллардын жоголгону себеп болгон. Бул боюнча Жогорку Кеңештин комитетинин башчысы Арсен Закиров кармалган. Аскарбек Шадиев Баткен аркылуу чек араны кесип өтүп, Москва-Нью-Йорк каттамы менен учуп кеткени маалымдалган.

Количество просмотров: 11