• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Прокурор Бурулайдын иши боюнча беш милицияны беш жылдан соттоону суранды

30 Жалган куран 2019 11:17 Бишкек Govori.TV

Бишкек.30.03.2019.Govori.TV.

29-мартта Чүйдүн Аламүдүн райондук соту ала качуунун курмандыгы болгон Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү боюнча милиция кызматкерлерине карата козголгон ишти кароону улантты.

Процессте жарыш сөз башталып, мамлекеттик айыптоочу Адилет Шыгаев айып коюлуп жаткан беш милиция кызматкерине Жазык кодексинин 316-беренесинин 2-пункту боюнча («Шалаакылык») айып койду. Прокурор нөөмөттөгү кызматкерди, автоматчикти, тергөөчүнү жана жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн эки инспекторду беш жылга эркинен ажыратууну суранды.

Жабырлануучу, Бурулайдын атасы Турдаалы Кожоналиев эки инспекторду соттон актап берүүнү суранып, калган үч милицияны камакка алууну өтүндү. Ал инспекторлор боюнча тосмо арыз жазганын билдирди. Анын адвокаты Назира Абдумуминова жаңы кодекске ылайык үч кызматкерди 2,5 жыл эркинен ажыратууну өтүндү.

Чүйдүн Аламүдүн райондук соту Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн милиция кызматкерлерине карата ишти кароону былтыр 13-декабрда баштаган. Соттук процесс ортодо төрт жолу жылды. Акыркы жолу жыйын 15-мартта болгон.

Башка линиядагы сот иши боюнча, 12-декабрда Свердлов райондук соту Бурулай Турдаалы кызынын өлүмүнө Марс Бөдөшевди айыптуу деп таап, аны 20 жылга күчөтүлгөн режимдеги түрмөгө кескен.

Анын досу Акмат Сейитов «Ала качуу» беренеси менен жети жылга эркинен ажыратылган. Айыпталуучулар сот чечимине нааразылык билдирип, Бишкек шаардык сотуна кайрылышкан. Бул боюнча 27-февралда шаардык сот райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.

Булак: Азаттык

Количество просмотров: 6