Бишкек.03.04.2019.Govori.TV.
КР Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулуну
Алматыда соту болуп, прокурор аны 12 жылга эркинен ажыратуу сунушун киргизди. Бул тууралуу «kaztag.kz» басылмасы жазып чыкты.
Прокурор соттон Асылбек уулун экономикалык аткезчилик үчүн айыптуу деп таап, аны мүлкүнөн ажыратып, 12 жылга эркинен ажыратууну жана жаза мөөнөтү аяктаган соң аны өлкөдөн чыгарып салууну суранды.
Дамирбек Асылбек уулунун адвокаты Аскар Баймуратов айыптоолорду «жасалма жана ойдон чыгарылган» деп атады.
Аткезчилик боюнча соттук процесс былтыр 19-октябрда башталган. Дамирбек Асылбек уулу менен кошо дагы 11 киши Кытайдан Орусия жана Казакстанга товарларды мыйзамсыз ташыгандыгы үчүн «эл аралык уюшулган топко тиешеси бар» деген негизде айып коюлган.
Эскерте кетсек, 2018 жылдын 15-16-февралында Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети Коррупцияга каршы күрөшүү улуттук бюросу менен биргеликте атайын операция жүргүзгөн. Натыйжада бажы постторунда иштеген уюшкан кылмыштуу топтун 8 мүчөсү жок кылынган. Кармалгандардын арасында ЖК депутаты Дамирбек Асылбек уулу бар экени айтылган. Казакстандын ИИМи анын казак жарандыгы бар экенин айтышкан.