• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Прокурор Өндүрүш Токтонасыровду 3 жылга кесүүнү сурады

18 Кулжа 202416:31 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда прокурор Мырзасапарова жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровду үч жылга абакка кесип, сот залынан камакка алууну сурады. Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдирасулова билдирди.

Маалыматка караганда, 19-июнда укук коргоочуга акыркы сөз берилип, өкүм чыгат.

Эске салсак, Токтонасыровго Кылмыш-жаза кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Количество просмотров: 116