Кечээ 30-июнда жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровду милиция кызматкерлери алып кетип, ал ИИМдин Тергөө кызматына жеткирилген. Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдирасулова билдирди.
«Токтонасыров үйүнө кайтып келди. Аны документтерге кол коюуну талап кылышкан. Бирок ал баш тарткан. Эртең мененки саат 10:00го (ИИМге – ред.) кайра чакырылды», — деп жазды ал.
Эскерте кетсек, буга чейин белгисиз адамдар Өндүрүш Токтонасыровду 30-июнь болжол менен саат 21:00до Чүйдүн Лесное айылындагы үйүнөн ак жигулиге салып кетишкен. Өндүрүш Токтонасыровду унаа салып кеткендер 4 адам болгон.