• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Прокурордун өлүмүнө айыпталган Калыков ачкачылык жарыялады

7 Баш оона 2019 11:34 Бишкек Govori.TV

Бишкек.07.08.2019.Govori.TV.

Ош шаардык сотунда Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмү боюнча кылмыш ишин кароо уланууда. Айыпталуучу Мелис Калыков кечээ ачкачылык жарыялаган. Бул тууралуу анын эжеси Дамира Калыкова билдирди.

Калыкованын айтымында, ачкачылык акциясы -милиция, прокурор жана соттун зулумдугуна каршы багытталган.

Дамира Калыкованын билдирүүсүндө, сотто төрагалык кылган Жолборс Кудаяров акыркы отурумда сот залынан айыпталуучунун баардык жактоочуларын, журналисттерди жана Мелис Калыковдун тарапташташтарын чыгарып салган.

Айыпталуучунун жакындары акыйкатчыдан бул ишке аралашып, зулумдукту токтотууну суранышат.

Эске салсак, Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыпов 18-ноябрга караган түнү киши колдуу болуп өлтүрүлгөн.

Количество просмотров: 31