• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Прокурордун жардамчысы пара алып жаткан жеринен колго түштү

23 Бугу 2020 10:20 Бишкек Govori.TV

Прокурордун ага жардамчысы пара алып жаткан жеринен колго түштү. Бул тууралуу ККР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 22-майда УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы тарабынан Башкы прокуратурасынын өздүк коопсуздук жана кызматтык териштирүү бөлүмү менен бирге жүргүзгөн ыкчам издөө иш-чараларынын алкагында 150 миң сом өлчөмүндөгү пара алып жаткан учурунда Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун прокурорунун ага жардамчысы, 1982-жылкы К.А. кармалды.

Алдын ала маалыматка караганда, прокурордун ага жардамчысы арыздануучунун уулуна карата козголгон кылмыш иши боюнча жеңилдетилген чечим чыгаруу үчүн маселени оң тарабына чечүү максатында арыздануучудан 2 миң АКШ доллар өлчөмүндө акча каражатын талап кылган.

Сотко чейинки өндүрүштүк материалдар КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 2-бөлүмү (Пара талап кылуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган адам УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 203