Өлкөнүн штаттан тышкаркы башкы пульмонологу Талант Сооронбаев брифинг учурунда оорудан айыккандардын жалпы кабыл алынган этаптары же калыбына келтирүү стадиялары жок экенин белгиледи.
Анын айтымында, COVID-19 салыштырмалуу жаңы оору, ушуга байланыштуу оорунун кесепеттери жана кандай өтөрү аягына чейин изилдене элек. “Курч COVID-19да оорунун белгилери оору башталгандан 4 жумага чейин билинет. Ал эмиуУлануучу симптоматикалык COVID-19да оорунун белгилери башталгандан 4-12 жумадан кийин билинет”,-деди ал..
Ал белгилегендей, тобокел тобуна көбүнчө 65 жаштан жогору, өнөкөт коштоочу оорулары, катуу оорулары, катуу пневмония жана өпкөнүн көп жабыркашы, тамеки чегүү бар адамдар кирет. “Постковиддик синдромдун жана татаалдашуунун симптомдору оңой өткөн жана амбулатордук негизде дарыланган бейтаптарда да пайда болушу мүмкүн экенин эстен чыгарбоо керек», — деди Талант Сооронбаев.
Пульмонолог айыккандан кийин мүнөздүү жана тез-тез болуп турган төмөнкү симптомдорду белгиледи: