• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Путин: Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине келип ырахат алдым

28 Жалган куран 201919:36 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 28.03.2019.Govori.TV.

Россиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга мамлекеттик визитинин алкагында бүгүн, 28-мартта президент Сооронбай Жээнбеков жана президент Владимир Путин Бишкек шаарындагы Ч.Айтматов атындагы үй-музейге барышты.

Президенттер жазуучунун үй-бүлөсү менен маектешти, Чыңгыз Айтматовдун уулу Эльдар Айтматов аларга музей жөнүндө, атасынын өмүр жолу жана чыгармачылыгы тууралуу айтып берди.

Президент Сооронбай Жээнбеков жана президент Владимир Путин үй-музейди жана андагы экспонаттарды көрүп чыгышты, ошондой эле эстелик жазуулар Китебине өз каалоолорун жазышты.

https://www.facebook.com/100001513643930/posts/2246898035370629/

Ал эми Путин, «Кыргызстан менен Россиянын региондорунда Айтматовдун 90 жылдыгы жакшы деңгээлде белгиленди. Ал эми азыр Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине келип ырахат алдым»,-деген.

Количество просмотров: 14