2024-жылдын мартына белгиленген президенттик шайлоонун алдында Путин Орусияда жаңы мобилизация болбойт деп убада кылды. Муну ал көптөгөн «ыктыярчылардын фронтко барууга даярдыгы» менен түшүндүрдү.
14-декабрда ал «жыл жыйынтыгын» чыгарган басма сөз жыйын өткөрүп, элдин суроолоруна жооп берди.
Путин согушка 486 миң киши өз ыктыяры менен тартылганын, күнүгө бир жарым миңдей киши жалданып жатканын айтты. Ошол эле маалда «былтыр армияга алынгандар демобилизация болобу?» деген суроону жоопсуз калтырды.