• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Путин, Токаев, Мирзиёев Жээнбековду жана кыргыз элин Жеңиштин 75 жылдыгы менен куттукташты

9 Бугу 2020 12:28 Бишкек Govori.TV

Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы менен куттуктады. 

«Россия жана Кыргызстан элдери фашисттик баскынчыларга каршы каармандык менен күрөшүп, келечек муундар үчүн жер жүзүндө тынчтыкты коргогондордун элесин ыйык тутуп, урматтап келишет. Кыргызстанда жашаган бардык ардагерлерге жана ооруктун эмгекчилерине чын жүрөктөн ден соолук, бакубаттуулук жана узун өмүр каалайм»,-деп белгиленет телеграммада.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстандын элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы менен куттуктады.

«Кыргызстан менен Казакстандын бир тууган элдеринин ортосундагы достук мамилелерди, ак ниет коңшулукту жана стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да өнүктүрүү биздин аталарыбыз менен чоң аталарыбызга көрсөткөн терең сый-урматыбыз болоруна ишенем», — деп айтылат телеграммада.

Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековду Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы менен куттуктады. 

«Сизди жана боордош Кыргызстандын элин фашизмди жеңишинин 75 жылдыгы менен чын дилимден куттуктаймын. Достук, ынак кошуналык жана стратегиялык өнөктөштүк принциптерине негизделген кыргыз-өзбек алакалары мындан ары да биздин аймакта гүлдөп-өнүгүүнү жана туруктуулукту камсыз кылууга жана ошондой эле азыркы күндүн чакырыктарына каршы натыйжалуу күрөшүүгө кызмат кылат деп ишенем. Учурдан пайдаланып, Сизге чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана жаңы ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстан элине тынчтык жана гүлдөп өсүүнү каалаймын», — деп белгиленет Өзбекстандын Президентинин куттуктоосунда.

Количество просмотров: 135