• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Путин: Жерүй долбооруна Орусия 600 млн. доллар салат

18 Жалган куран 2021 9:11 Бишкек Govori.TV

Орусиянын президенти Владимир Путин мындай пикирин 17-мартта Таластагы Жерүйдөгү алтын иштетүүчү комбинаттын ачылыш аземинде айтты.

“Бул долбоор Орусиянын Кыргызстанга жасаган инвестициясынын рекорддук көрсөткүчү. Анын көлөмү 600 миллион долларды түзөт. Талас облусундагы бул тоо-кен ишканасында эң жакшы техникалар жана шаймандар колдонулат. Экологиялык нормалар сакталат. Мен Кыргыз бийлигине жана жеке Садыр Жапаровго жагымдуу инвестициялык климат түзүп жатканына ыраазычылык билдирем. Жаңы ишкана кыргыз бийлигинин колдоосуна ээ болот, деп ишенем. Биргеликте ишке ашып жаткан бул долбоор кыргыз-орус алакасынын символу болуп, эки элдин достугун арттырат», -деди Путин.

Ошондой эле Орусиянын президенти Жерүй кенинде 90 тонна алтын, 25 тонна күмүштүн запасы бар экенин белгиледи.

Бул иш-чарага Владимир Путин телекөпүрө форматында онлайн катышты.

Садыр Жапаров Жерүй кениндеги алтын иштетүүчү фабриканын ачуу үчүн бүгүн — 17-мартта Таласка барган. Өкмөттүн маалыматына ылайык сөз болуп жаткан кен иштетүүчү ишкана учурда 900 миллион сом салык төлөөдө. Фабрика ишке киргизилсе, бюджетке төлөмдөрдүн көлөмү жылына 4 миллиард сомго чейин көбөйөт. Талас облусун өнүктүрүү фондуна жылына болжол менен 300 миллион сом түшөт. 1000 жумушчу орду түзүлөт. Бирок бул кенди иштетүүгө жергиликтүү тургундар каршы чыгып, бир канча жолу нааразылык акциясын өткөргөн.

2015-жылы кен иштетүү укугу аукциондун негизинде 100 миллион долларга сатылган. Мындай укук «Орус платинасы» компаниясына таандык «Восток геолдобыча» ишканасына тийген. Анын карамагында «Алтын альянс» ишканасы түзүлгөн. Компаниянын аталган кенди иштетүүгө укук берген лицензиясы 2035-жылга чейинки мөөнөткө берилген.

Таластагы Жерүй алтын кени 1969-жылы чалгындалган. Көлөмү боюнча Кыргызстанда Кумтөрдөн кийинки 2-орунда турат. Геологиялык баштапкы иликтөөлөргө ылайык кенде 84 тонна алтын, 25 тоннадан ашуун күмүштүн запасы бар.

Количество просмотров: 270