Бишкек. 04.04.2019. Govori.TV.
Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко Sputnik радиосунун эфиринде КР президенти Сооронбай Жээнбековдун РФ лидери Владимир Путинге тартуулаган аргымак менен тайган учурда кайда экенин айтып берди.
«Адатта тартууланчу нерсе алдын ала макулдашылбайт. Абдан күтүүсүз болду! Шерхан деп аталган тайган Россияга жеткирилди, ал эми аргымактын маселесин тийиштүү ведомстволор чечет. Жылкы азырынча Кыргызстанда», — деди Удовиченко.
Эскерте кетсек, жандыктарды президент 28-мартта, Путиндин мамлекеттик сапарынын соңунда белек кылган.