• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Путиндин эстелигин орноткон активист камакка алынды

13 Жалган куран 201910:58 Бишкек Govori.TV

Бишкек.13.03.2019.Govori.TV.

Орусиянын Татарстан Республикасынын Набережные Челны шаардык соту жергиликтүү активист Карим Ямадаевди 28 күнгө камакка алды. Ал шаардык тергөө комитетинин имаратынын алдына орус президенти Владимир Путиндин көрүстөнүн чагылдырган инсталляция орноткону үчүн айыпталды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Карим Ямадаев 11-мартта кармалган. Ал 10-мартта Путиндин кара түстөгү сүрөтү менен «1952-2019» деген сандар жазылган, кабырды чагылдырган инсталляция орноткон. Адвокат соттун чечимине даттанарын айтууда.

Быйыл январда активист саясий репрессиянын курмандыктарына арнап, колго жасалган эстелик койгону үчүн сегиз күнгө камалып чыккан.

Количество просмотров: 39