Бишкек.28.03.2019.Govori.TV.
Бүгүн, 28-мартта РФ президенти В. Путин Кыргызстанга мамлекеттик иш сапары менен келди. Аны Кыргызстандын өлкө башчысы Жээнбеков тосуп алды.

Коомчулукта Путиндин галстугу талкууга түштү. Орусиянын ажосу АКШнын президенти Дональд Трамп менен жолугушууга тагынып барган галстугун Кыргызстанга да тагынып келген.


Путин иш сапарларга жана сүйлөшүүлөргө кочкул-кызыл түстөгү галстук тагынып барат, бирок айрым гана учурларда кара-көк түстөгү ак тоголоктору менен галстук тагынаары айтылып келет.
Ушундай эле галстугун ал өзүнүн инаугурациясына тагынган.