Бишкек.28.03.2019.Govori.TV.
Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин бүгүн, 28-мартта, мамлекеттик визит менен Кыргызстанга келди. Бул мамлекеттик иш сапарды Россия тарап да байма — бай чагылдырып турду.
РФ президентинин расмий сайты «kremlin.ru» эки мамлекеттин башчыларынын сүйлөшүүсү алгач чакан форматта болуп, эки тараптуу сүйлөшүүлөр андан кийин кеңири курамда эки өлкөнүн делегация мүчөлөрүнүн катышуусунда уланганын жана сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында биргелешкен документтерге кол коюлганын жазган.














