• Жума 24 Теке 2026
  • Пятница 24 Июль 2026

Путиндин резиденциясына болгон чабуулдан соң Жапаров Москвага барабы?

4 Бугу 202317:56 Бишкек Govori.TV

Россия президенти Владимир Путиндин Кремлдеги резиденциясына дрон менен кол салуу аракети болгону кабарланган. Мындан улам Садыр Жапаровдун Россияга болгон иш сапары токтотулушу мүмкүнбү деген суроо жаралып, буга президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев жооп бергенин РИА Новости жазып чыкты.

Маалыматта айтылгандай, Жапаровдун 9-май майрамына карата Москвага сапары токтотулушу мүмкүнбү деген суроого Султанбаев терс жооп берген.

Садыр Жапаровдун Москвага иш сапарынын алкагында 9-май күнү Жеңиш парадына катышары айтылган.

Количество просмотров: 276