Бишкек.28.03.2019.Govori.TV.
Кечээ, 27-мартта активист Нурлан Карымшаков жубайы менен Кыргызстандагы Россия элчилигинин алдына пикетке чыкканы үчүн милиция кызматкерлери кармап кетишкен. Бул тууралуу укук коргоочу Рита Карасартова «Govori.TV» агенттигине билдирди.
Карасартованын айтымында активисттин көтөргөн плакаттарында улут аралык кастыкты козуткан сөздөр бар деген жүйө менен кармалган.
«Бүгүн таңкы 5ке чейин милициянын алдында турдук, чыгарган жок. 48 саат ичинде баш коргоо чарасын кароо үчүн сот болот. Ал жакка да барабыз. Активисттин көтөргөн плаккаттарда «Путин — агрессор» деген жазуу болгон, ал эми экинчисинде «Бизге аскер базанын кереги жок, бомбанын кереги жок, жардыруунун кереги жок» деп жазылган экен. Негизинен улуттар аралык кастыкты жаратууда чакырык болуу керек да, ал эми анын жазууларында андай чакырык болгон эмес. Бирок, милиция буларды кармаары менен өздөрүнүн эксперттеринен бул жазууларда «улут аралык кастыктык козутууга чакырган маани бар» деген бүтүм чыгарышкан»,-деди укук коргоочу.

Мындан тышкары милиция алардын үйүндө тинтүү жүргүзгөнү айтылды.
«Аларга дээрлик 15 саат бою тамак берилген эмес. Бул бир жагынан караганда адамды кыйноого жатат. Биз кармалды деген маалыматты укканда эле барганбыз. Бирок, милициядан эч маалымат айтышпай, андайлар кармалган жок деп жашырышты»,-деп кошумчалады Карасартова.
Эске салсак, Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен бүгүн, 28-мартта учуп келди.