• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Пянж базарында газ баллону жарылып, сегиз киши реанимацияга түштү

23 Бугу 2023 16:32 Бишкек Govori.TV

Пянж районундагы базарда газ баллон жарылганда жабыркаган 28 кишинин абалы жакшыра баштады. Бул тууралуу райондук оорукананын дарыгерлери билдиришти.

Маалыматка караганда, жарылуудан жабыркаган сегиз киши реанимация бөлүмүндө жатат. Алардын үчөөнүн денесинин 70-80% күйүп калган.

«Айрым жабырлануучулардын күйүктөрү 4% гана түзөт. Бирок арасында денесинин 80% күйүп калгандары да бар. Учурда жабыркаган 28 кишинин баары тең Пянж райондук ооруканасында дарыланып жатат», – деди оорукананын башкы дарыгери Махмади Самиев.

20-майда Пянж районунун базарындагы тез татым жайлардын биринде газ баллону жарылган. ИИМ буга «газ баллонун колдонууда коопсуздук эрежелеринин сакталбаганы» себеп болгонун билдирген.

Количество просмотров: 97