• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Үрөй учурган кырсык. Ысык-Көлдө 23 адам кырсыкка учурап, экөө каза болду

3 Баш оона 2022 11:36 Бишкек Govori.TV

Балыкчы–Ананьево–Каракол унаа жолунун 24-чакырымында Mercedes-Benz Sprinter жана Mitsubishi үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришкендей, кырсык бүгүн, 3-августта саат 07:40та болгон.

Кырсык болгон жерге 4 куткаруучу тартылып, биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн. «Жалпы 23 адам кырсыкка учурап, үчөө Балыкчы шаарынын оруканасына жеткирилген. Ал эми эки жүргүнчү жеринде каза болгон, алардын сөөгү милиция кызматкерлери өткөрүп берилген», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 12211