• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Үрөй учурган видео. Изделип жаткан жеке ишкердин сөөгү Кочкордо казылып алынды

21 Тогуздун айы 2019 11:02 Бишкек Govori.TV

Дайынсыз жоголуп издөөдө жүргөн жеке ишкер Хуфур Абдурахемандин сөөгү табылды. Маалым болгондой Кочкор районунда табылган.

Ишкер Хуфур Абдурахемандын өлүмү боюнча кармалган шектүүлөр тууралуу милициядан маалымат беришти. Бул ишке катыштыгы бар делген 8 адам кармалган.

Ал эми кылмышка негизги шектүү катары кармалган жарандар: Нарын облусунун 1964-жылы туулган К.Э. аттуу тургуну, Бишкек шаарынын 1990-жылы туулган Ш.У. аттуу тургуну, Ысык-Көл облусунун 1990-жылы туулган Б.К. аттуу тургуну жана Казакстандын 1986-жылы туулган Д.В. аттуу жаран Бишкек ШИИБдин абагына камакка алынды. Аларды эки айга камакка алуу чечимин Свердлов райондук соту кабыл алган.

Свердлов РИИБдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери «Сосновка» постунан уурдалган «ВMW X5» үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Аны күбөлөрдүн бири башкарып бара жаткан.

Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүлөрдөн ишкердин денеси казылган жер тууралуу маалымат алынган. Дене Нарын облусундагы Кочкор районунун аймагында көмүлгөн.

Шектүүлөрдү ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын, Бишкек ШИИБдин жана Свердлов РИИБдин ыкчам тобу ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы полкунун аскерлери менен кармашты. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Эске салсак, ишкер 4-октябрда өзүнүн автоунаасы менен Бишкек шаарындагы «Мадина» базарынан чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Аны туугандары жана милиция кызматкерлери издеп жаткан.

ШИИБдин басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, 5-октябрда Свердлов РИИБге И.З. аттуу жаран арыр менен кайрылган. Анын айтымында, 38 жаштагы агасы Хуфур Абдурахмен 4-октябрда саат 18:00 чамасында «Мадина» базарынан мамлекеттик номуру 03KG260ABJ болгон «БМВ Х5» үлгүсүндөгү унаа менен үйүнө кеткен.

Количество просмотров: 1123