• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Үрөй учурган кырсык: Бишкек-Ош жолунда 6 киши каза болду

12 Кулжа 202113:42 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Ууру-Жар айылына тушташ жерде 12-июнда эки автоунаа кагышып, алты адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Мерседес-Бенц» жүк ташыгыч автоунаасы менен менен «Хонда-Одиссей» үлгүсүндөгү машине сүзүшкөн. Анда алты адам каза болуп, экөө жабыркаган.

Окуя болгон жерге ӨКМдин Ноокен районундагы №55 куткаруу тобунан төрт кызматкер тартылып, каза болгондорду жана жабыркагандарды автоунаадан чыгарышты. Каза болгондор Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине, жабыркаган адамдар «Тез жардамга» өткөрүлүп берилди.

Количество просмотров: 543