Кыргыз эл жазуучусу, драматург Султан Раев Түрк тилдүү элдердин маданияты эл аралык уюму ТҮРКСОЙдун баш катчысы болду. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов билдирди.
Анын айтуусуна караганда, мындай чечим Түркиянын Бурса шаарында өткөн ТҮРКСОЙ уюмунун кезексиз жыйынында белгилүү болду. Султан Раевдин талапкерлиги ТҮРКСОЙ уюмуна мүчө өлкөлөрдүн маданият министрлеринин чечими менен бекиди.
Белгилей кетсек, буга чейин аталган уюмдун баш катчылык кызматын Казакстандын мурдагы маданият министри Дүйсен Касеинов аркалап келген.