• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Султан Раевдин тоюна кимдер барды?

20 Бештин айы 2019 11:30 Бишкек Govori.TV

19-декабрда Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Султан Раев 60 жылдык мааракесин белгиледи. Мааракеге коңшу өлкөдөгү жана кыргызстандагы маданият тармагынын белгилүү өкүлдөрү жана Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов өзү катышты.

Мындан сырткары, вице-спикер Аида Касымалиева, депутат Алиярбек Абжалиев, Алмазбек Токторов, Аалы Карашев, Зиядин Жамалдинов, Алмазбек Эргешов, Искендер Матраимовдор тойдо Султан Раевге ак калпак кийгизип, чепкен жабышты.

Опубликовано Нургазы Мусаевым Четверг, 19 декабря 2019 г.

Раев Султан Акимович- Ош облусунун Кара-Суу айылынын Жоош айылында 1958-жылы туулган. 1984-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университеттин журналистика факультетин аяктаган.

Эмгек ишмердүүлүгү:

  • 1977-1979 — Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.
  • 1984 — «Ленинчил жаш» гезитинин карабарчысы, бөлүм башчы, «Кыргызстан маданияты» гезитинин бөлүм башчысы, «Жаштык Жарчысы» гезитинин редакторунун орун басары.
  • 1991 — «Кыргыз Руху» гезитинин башкы редактору.
  • 1994 — АКШнын Канзас Университетинин журналистика факультети. Стажировка.
  • 2002-2004 — Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана маданият министринин орун басары.
  • 2004-2005 — «Эркин Европа» жана «Азаттык» радиосунун саясий баяндамачысы, аны менен катар эле Маданият жана искусствону колдоо боюнча коомдук фондунун президенти.
  • Апрель, 2005 — Өкмөттүн алдында түзүлгөн Маданиятты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы.
  • Сентябрь, 2005 — Маданият жана маалымат министри.
  • 2009 – 2010 — өкмөттүн алдындагы Маданият боюнча агенттиктин директору 

Наамдары 

  • Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу 
  • Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер

Сыйлыктары:

  • Кыргызстан Ленин комсомол сыйлыгынын лауреаты, 1989-ж.
  • Токтоболот Абдумомунов атындагы сыйлыктын лауреаты 1991-ж.
  • «Ататүрк» фондусунун эл аралык сыйлыгынын лауреаты, алтын медаль ээси, 2005-ж.
  • Эл аралык «Дэниель» сыйлыгынын лауреаты (Корея), 2006-ж.
  • Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты 2006-ж.
  • «Чыңгыз Хан» алтын (Монголия), 2006-ж.
  • «Алтын роза» сыйлыгынын лауреаты (Грузия), 2006-ж.
  • КМШнын мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, 2010-ж.
Количество просмотров: 131