Тажикстандын президенти медицина кызматкерлерине 3 айга кошумча төлөм төлөп берүү үчүн резеврдик фондунан 12,4 млн сом бөлдү. Бул тууралуу «Asia-Plus» басылмасы өлкө башчынын басма сөз кызматына шилтеме берүү менен билдирди.
Мындан тышкары Рахмон бир айлык эмгек акысын (суммасы көрсөтүлгөн эмес) республикадагы коронавируска каршы күрөшүү үчүн каражат топтоого ачылган эсепке которду.
Тажикстанда коронавирус жуктурган учурлар кечээ, 30-апрелде расмий маалымдалды. Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо жана социаладык коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, 29-апрелге карата коронавирус жуктурган 15 учур катталды. Алардын ичинен 10 адам Согдий облусунда, 5 адам Дүйшөмбү шаарында.
Тажикстанда 1-февралдан баштап 30-апрелге чейин 10 миң 937 адам карантинге алынган, алардын арасында чет өлкөлүк жарандар да бар. Карантинге жайгаштырылгандардын ичинен 8 миң 438 адам чыгарылды.