• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Рахмон Тажикстандын Ооганстан менен чектешкен райондоруна барды

16 Теке 2021 17:20 Бишкек Govori.TV

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 16-июлда Хатлон облусуна барып, аймактагы аскердик бөлүктөрдүн даярдыктары, техникаларынын абалы жана чек арачылар үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышты.

Хатлон облусундагы президент барган Пянж жана Мир Саид Али Хамадони райондору менен чектешкен Ооганстандын уезддери “Талибан” кыймылынын көзөмөлүнө өткөн.

Чек арачылардын алдында сүйлөгөн Эмомали Рахмон коңшу Ооганстандын Тажикстан менен чектешкен аймактарында аскердик-саясий абал өтө оор бойдон калып жатканын белгиледи.

«Бул өлкө менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын коргоо — биздин өлкөнүн гана эмес, бүтүндөй КМШдагы, ал эмес Европа биримдигиндеги коопсуздукту камсыз кылуу үчүн өзгөчө маанилүү болуп эсептелет», — деди президент.

5-июлда Рахмон өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, коргоо министрине тажик-ооган чек арасын бекемдөө үчүн резервдеги 20 миң аскерди мобилизациялоону тапшырган.

Тажикстан менен Ооганстандын Бадахшан аймагындагы жалпы чек арасынын узундугу 910 чакырымды түзөт. 4-июлда Тажикстандын Улуттук коопсуздук кызматы Ооганстандын түндүгүндөгү уезддердин көбү талибдердин карамагына өткөнүн кабарлаган.

Акыркы айларда «Талибан» кыймылы Ооганстандын түрдүү провинцияларындагы позицияларын бекемдеп, улам жаңы аймактарды басып алууда. Буга чейин 2 миңден ашык ооган аскери талибдердин кысымынан улам Тажикстандын аймагына кире качканы кабарланган. Мындан тышкары Ооганстандагы Бадахшан аймагынын 1500гө жакын жашоочусу талибдерден качып, Тажикстандын аймагына өтүүгө аргасыз болушкан.

“Талибандын” чабуулдары АКШ менен НАТОго мүчө башка өлкөлөр Ооганстандагы аскерлерин чыгарып жаткан учурда күчөп жатат. 8-июлда Москвага барган уюмдун өкүлдөрү Ооганстан аймагынын 85% алардын көзөмөлүнө өткөнүн билдиришкен. Мындан тышкары алар ооган-тажик чек арасына чабуул жасабай тургандыктарын айтышкан.

Мурдараак тажик бийлиги Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө өлкөлөргө кайрылып, Ооганстан менен чек арасын коргоого жардам сураган.

АКШ, Европа биримдиги, Орусия жана башка эл аралык уюмдар Ооганстан менен чек арасын бекемдөө үчүн Тажикстанга жардам берип келишет.

Количество просмотров: 380