• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Рахмон Жапаровду жана Кыргызстан элин куттуктады

9 Бугу 202112:58 Бишкек Govori.TV

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 76 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу КР президентинин басма сөз кызматы билдирет.

«9-май — биздин өлкөлөрдүн заманбап тарыхындагы маанилүү дата. Кыргыз-тажик достук, ынак коңшулук жана кызматташтык мамилелери мындан ары да элдерибиздин түпкү кызыкчылыктарына ылайык өнүгө берет деп ишенем», — деп айтылат Эмомали Рахмондун куттуктоосунда.

Эмомали Рахмон Садыр Жапаровго чың ден соолук, бакыт-таалай жана жаңы ийгиликтерди, ал эми Кыргыз Республикасынын бардык жарандарына тынчтык, бакубатчылык жана өнүгүү каалады.

Количество просмотров: 1141