Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Винера Раимбачаева Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин ишин сынга алды.
Анын айтымында, үй-бүлөлүк зомбулук боюнча арыздар убагында каралбай, кылмыштар өлүм менен аяктап жатат.
«Баткенде биринчи группадагы майып, дудук келин каза болду. ИИМдин кызматкерлери мындай мыкаачы адамдарды көзөмөлгө албай кайсы жакты карап жүрөт? Мындай фактылар буга чейин дагы болгон. Соцтармакта канча деген арыздар каралбай калды. Жарандар көчөгө чыккандан коркуп калды. Неге биздин жарандар ИИМге кайрылбай УКМКга арызданат? Биз милициянын айлыгын көтөрүүнү карап жатканбыз. Эми зарылчылдыгы барбы? Милиция иштебесе, УКМКнын кызматкерлеринин санын көбөйтөлү. Алар иштесин», — дейт депутат.