• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Раиса Атамбаева президент Жапаров менен жолукканы боюнча үн катты

23 Аяк оона 2022 20:18 Бишкек Govori.TV

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Фейсбуктагы баракчасына жубайы Раиса Атамбаеванын билдирүүсү жарыяланды.

«Ооба, биз Садыр Жапаровдун уулу Рустам аркылуу президент менен жолукканбыз. Анда Алмазбек Шаршеновичти дарыланууга жөнөтүүнү сурандык. Мен, Сеид жана Кадыр үчөөбүз ал кайтып келип, кайра түрмөгө отургуча биз абакта отуруп турууга даярбыз. Бирок ал сот бүтмөйүн дарыланууга жөнөтө албасын айтты», — деп жазылат Раиса Атамбаеванын билдирүүсүндө.

Буга чейин Садыр Жапаров маек берип жатып, уулу Рустам Алмазбек Атамбаевдин балдары менен жолуктурганын айткан.

Количество просмотров: 823