Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева УКМКнын кызматкерлеринин коштоосунда жолдошун көрүү үчүн ооруканага кирди. Бул тууралуу КСДПнын өкүлү Рита Борбукеева фейсбуктагы өздүк баракчасына жазды.
Буга чейин Кыргызстандын мурунку президенти Алмазбек Атамбаев ооруканага жаткырылган. 29-июнда Атамбаев саламаттыгы начарлаганын айткан, андан коронавируска карата ПЦР-анализ алынган. Анын жыйынтыгы таза чыккан. Ошол эле күнү ага дарыгерлер консилиум жасап, Атамбаевге “эки тараптуу өпкөнүн сезгенүүсү” деген диагноз коюлган.
Ал ортодо Атамбаевдин үй-бүлөсү тергөө абагында ага ооруну атайылап жуктурушту деген билдирүү таратышты.