• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Раиса Атамбаева жолдошу менен балдары кантип кармалганын айтып берди

10 Тогуздун айы 2020 18:20 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 10-октябрда Кой-Таш айылында Алмазбек Атамбаев жана анын балдары кармалды. Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева АКИpress агенттигине кармоо процесси кандай өткөнүн айтып берген.

«Митинг тынчтык митинги болчу. Адамдар куралсыз барышкан. Биз түлөө өткөрөлү дегенбиз. Бул жерде туугандар бар эле. Анан досторубуз силер тарапка 10 БТР, 6-7 автобус кетти дешти. Алмазбек Шаршенович биз үчүн кооптонуп жатканын айтты. Балдарды алып кет деп айтты. Биз кетели деп даярданып калганбыз. Дарбаза ачык болчу. Анан менин унаам БТР менен кагышты. Андан автоматчандар түшө калып, эшикти ачышты. Балдарды жерге жаткырып, тепкилешти. Мен балдардын ар бирин – Темирлан, Сейид жана Кадырды коргоп жаттым. Алмазбек Шаршенович бул жерде болчу. Ал эмне болду билбейм. Балдарды муздак жерде 2 саат кармашты. Алмазбек Шаршенович азыр кайда экенин билбейм. Ал балдар менен бирге бол, силер үчүн коркуп жатам деп айтты», — деди ал.

Спецназ Кадыр Атамбаев, Сейит Атамбаев, Темирлан Султанбеков жана айдоочуну кармаган. Кийинчерээк УКМК Алмазбек Атамбаевдин жакын адамдарынан эч ким кармалбаганын билдирди. Басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, абактан мыйзамсыз чыгарылган Алмазбек Атамбаев, жан сакчылары Мусакеев менен Сагынбаев кармалган.

Булак: АКИpress

Количество просмотров: 158