Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча өтүп жаткан сотко мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев менен президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов жана саясатчы Равшан Жээнбеков сотко алынып келинди.
Отурумга мурдагы президенттин жубайы Раиса Атамбаева, уулдары Сеид Атамбаев, Кадыр Атамбаев, Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова катышты.
Бул жолку сот отуруму адвокаттын жоктугунан улам 29-сентябрга жылдырылды. Жараяндан кийин имараттын алдына чогулган айыпталуучулардын тарапташтары алардын боштондугун талап кылышты.