• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Биринчи май райондук соту Кулматовдун паспорту боюнча ишти карайт

14 Жетинин айы 2018 9:39 Бишкек Govori.TV
Бишкек.14.11.2018.Govori.TV.
Биринчи май райондук соту Мамлекеттик каттоо кызматынын Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовдун паспортун жараксыз деп табуу боюнча арызын карайт. Буга чейинки отурум аталган кызматтын өкүлү Насиба Калдыбаеванын ишеним катынын жоктугуна байланышуту жылдырылган.
21-сентябрда Мамлекеттик каттоо кызматы Кубанычбек Кулматовдун жарандык паспортун жокко чыгарууну өтүнүп сотко кайрылган.
Мекеме буга Кулматов 1996-жылы Кыргызстандын паспортун мыйзамсыз алганын жүйө келтирген. Кийин УКМК бул боюнча түшүндүрмө берип, Кубанычбек Кулматов СССР убагында алган паспортун жоготуп койгонун айтып, Орусиянын паспортун жана жарандыгын алганын билдирген.
Бишкек шаарынын мурдагы мэри жана Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы жетекчиси Кулматовдун адвокаттары бул аракеттерди «акылга сыйгыс» деп баалаган.
Алар мындай жол менен Кулматовго басым көрсөтүлүп жатканын айтып келатышат. Кулматов коррупция жана жараксыз паспортту пайдалануу боюнча айыпталып жатат.
Быйыл 18-майда Башкы прокуратура козгогон кылмыш ишинин алкагында ага Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү («Коррупция») менен айып тагылган. 5-июндан бери УКМКнын Тергөө абагында камакта отурат.
Количество просмотров: 34