• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Райым Матраимов Бишкекке экстрадицияланганы айтылды

26 Жалган куран 2024 20:21 Бишкек Govori.TV

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов бүгүн Бакудан Бишкекке экстрадицияланды. Бул тууралуу Kaktus.media укук коргоо органдарындагы булактарына таянуу менен жазды.

Басылмада жазылгандай, Райымбек Матраимовду өкмөттүк учак менен мекенине алып кетишкен. Аны менен кошо «Ошгаз» ишканасынын директорунун мурдагы орун басары Тилек Матраимовду да алып келишкен.

Бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов Азербайжандын борбору Бакуда экенин УКМКнын басма сөз кызматы кабарлаган.

«Райымбек Матраимов Кыргызстандын жетекчилигине кол салуу аракетин даярдап жаткан азербайжандык трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун Кыргызстанда кармалган мүчөлөрү менен байланышы бар экени белгилүү болду», — деп билдирген буга чейин УКМК.

Эске сала кетсек, Райымбек Матраимов 2015-2017-жылдары Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген. 2020-жылдын октябрында бийлик алмашкандан кийин ага бажыдагы коррупция боюнча айып тагылган. Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны 260 миң сом айыпка жыккан.

Ал эми 2024-жылдын 26-январында УКМК Райымбек Матраимовго издөө салган.

Количество просмотров: 112