• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Тотонов: Матраимовдун мамлекетке келтирген зыяны аныкталса, эмне үчүн ал тайраңдап жүрүшү керек?

24 Бирдин айы 2021 17:51 Бишкек Govori.TV

Матраимовдун мамлекетке келтирген зыяны аныкталса, эмне үчүн ал тайраңдап жүрүшү керек? — дейт депутат Нурбек Тотонов.

Анын айтымында, учурда коом бул маселени кайсы багыттан кароону түшүнбөй калды.

«Эки жоон топ чыгып, бири күнөөлүү десе экинчиси күнөөсү жок деп жатышат. Мен Матраимов менен жеке тааныштыгым жок, болгон да эмес. Эгер күнөөсү далилденсе, мамлекетке келтирген чыгымы чыкса ал эмне үчун тайраңдап жүрүшү керек? А эгер жок күнөөсү жок, жөн эле кандайдыр бир эменин курмандыгы болуп жатса анда ал жакты да караш керек. Муну эми тергөө органдары өздөрү аныктайт. Азыр айтып жатышпайбы эң эле коррупциялашкан тармак бажы деп, эми бир топ убакыт өттү да, ошондон беркисин токтотсок эле бир топ каражат бюджетке түшмөк», — деди ал.

Количество просмотров: 203