• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

«Жоомартым, айкөл досум!». «Райым миллионго» арналып ыр жазылды

12 Тогуздун айы 2021 18:14 Бишкек Govori.TV

Бажы кызматынын экс-орун басары Райымбек Матраимовго арналган ыр чыгып, клип тартылды. Аткаруучу — өзүн жакын досум деп атаган Дамир Токтосунов.

Ырда «Матраимовдун жан дүйнөсү таза жана Бакайдай даанышман» деп айтылат. Ырдын аткаруучусу Матраимовго узун өмүр каалап, кыган кайрымдуулук иштери көп экенин да белгилеген.

https://www.youtube.com/watch?v=0EJR5-FawiQ

Эске салсак, 2020-жылдын 20-октябрында УКМК Бажы кызматынын экс-орун басары Райымбек Матраимовду кармаган. Тергөө Матраимовдун кылмыштарынан бюджетке келтирилген зыяндын суммасын 2 млрд. деп баалаган. Ал эми Матраимов кызматташууга жана көрсөтүлгөн сумманы кайтарып берүүгө макул болуп, ал мамлекетке зыян келтиргенин жана коррупция менен алектенгенин мойнуна алган .

КР Кылмыш-жаза кодексинин 319 «Коррупция» беренесине ылайык, коррупция үчүн 10 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылат, бирок Матраимов айып пул менен кутулган.

Белгилей кетсек, Матраимов бир нече журналисттик иликтөөлөрдүн баш кааарманы болгон. Ал эми АКШ бийлиги Райымбек Матраимов менен анын жубайы Уулкан Тургунованы Магнитский тизмесине киргизген.

Количество просмотров: 31