• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Матраимов менен дос болбой калган Бек Борбиев сынга калды

8 Үчтүн айы 2024 9:16 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Эл артисти, ырчы, обончу Бек Борбиев «Жаратман» подкастында маек берип жатып Бажынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимов тууралуу суроого жооп берди.

Анын айтымында, Матраимов коррупция боюнча иште күнөөсүн моюнуна алган учурдан баштап ал менен достук мамилеси токтогон.

«2 млрд акча төлөдү го, ошол күндөн тарта мен токтоттум. Эми «коррупционер эмесмин» деп айтса мага, а мен аны «коррупционер эмес» деп колдоп жүрсөм, анан бир күнү «коррупционермин» деп туруп айып толоп жатса… Анан мен айттым, «кой досум мен мындан ары уланта албайм». Эми дайым жанында жүрбөгөндөн кийин ишенесиң да, бажыда Райымга окшогон байлар көп болчу да, ошолордун бирөсү да деп койчумун. Мурда той-пойлорго да чакырышып турчу элек, балким өзүнүн да колу болбой калдыбы. Бирок, азыр баягыдай Райымды курчап тургандар болбосо керек, баары качып кетсе керек, айланасындагы жакын досторунун баарычы», — деген ал.

Бек Борбиевдин бул билдирүүсүнөн кийин соцтармак колдонуучулары тарабынан бир катар сын кептер, талкуулар жаралды.

Алардын айрымдары ырчыны колдосо, айрымдары ага нааразы сын пикирин айтышууда.

Количество просмотров: 81