• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Райымбек Матраимов камакта калды

26 Баш оона 202411:35 Бишкек Govori.TV

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун камактагы мөөнөтү 26-октябрга чейин узарды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23-августта Бишкектин Биринчи Май райондук соту УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүчүн канааттандырган.

Эске салсак, Матраимовго Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” жана “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу/адалдоо” беренелери менен кылмыш иши козголгон.

27-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда ага Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен да кине коюлган. Сот анын бөгөт чарасын карап, анын камактагы мөөнөтүн узартып келе жатат.

Количество просмотров: 135