Бүгүн, 20-октябрда Райымбек Матраимов УКМКга суракка чакырылды. Tazabek басылмасы ал бажы органдарындагы коррупцияга байланышкан иш боюнча күбө катары чакырылганын булактарына шилтеме берүү менен билдирди.
Бажы органдарындагы коррупцияга тиешеси бар адамдардын тобу белгилүү болгонун 19-октябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирген.
«Учурда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Раим Матраимов жана Бажы кызматындагы башка кызмат адамдарынын тиешеси бар коррупциялык иштер боюнча тергөө уланууда», — деп айтылат маалыматта.
Тергөө органдары тарабынан Раим Матраимовдун жакын чөйрөсүнө кирген жана коррупциялык схемага аралашкан 40ка жакын адам аныкталды. Учурда алардын жүргөн жери белгисиз болууда.
Ошондой эле сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында Бажы кызматынын ишмердүүлүгүн текшерүү, мамлекеттин бюджетине келтирилген зыянды жана башка жоопкерчиликке тартыла турчу адамдарды аныктоо боюнча ыкчам тергөө иштери жүрүп жатат.