УКМК Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго издөө жарыялады. Бул тууралуу айрым маалымат каражаттары укук коргоо органдарындагы булактарына таянуу менен жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Райымбек Матраимов КР Кылмыш-жаза кодексинин 169-беренеси «Кызматтык кылмыштын белгилери жок болгон учурда мажбурлап камакка алынган адамдын жүрүү эркиндигин чектөөгө көмөктөшүү» боюнча шектелүүдө.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет бул маалымат боюнча комментарий бере элек.