• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Рамзан Кадыровдун 18 жаштагы уулу министр болду

18 Бирдин айы 202417:22 Бишкек Govori.TV

Орусиянын курамындагы Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун тун уулу, 18 жаштагы Ахмат Кадыров республиканын Жаштар иштери боюнча министри кызматына дайындалды. Ошону менен катар ал эң жогорку сыйлык — Кадыров атындагы орденди алды, деп маалымдайт «Кавказ.Реалии» булагы.

Ахмат Кадыровдун кызматка дайындалганы боюнча буга чейин маалымдалган эмес. Ал эми Чеченстандын өкмөт төрагасы Магомед Даудов сыйлык тууралуу жазганында Ахмат Кадыровдун жаңы кызматын көрсөттү. Ал Кадыровдун уулу «алдыга коюлган бардык милдеттерди жогорку деңгээлде чечип жатканын» айткан, бирок, кандай иштерди кантип чечип жатканын ачыктаган эмес.

Буга чейин Ахмат Кадыров министрдин биринчи орун басары болуп иштеп келген. Бул кызматка ал жашы жетери менен дайындалган болчу.

2023-жылы Ахмат Кадыров атасына жардамчы болгон. Орусиянын президенти Владимир Путин былтыр жазында аны Кремлде кабыл алганда саясат таануучулар муну белек катары баалашкан эле.

Количество просмотров: 176