Бишкек. 27.07. 2018. Govori.TV
Саясатчы Равшан Жээнбеков бүгүн социалдык тармактар аркылуу Бишкек шаарынын мэрин шайлоого карата коомчулукка чакырык таштады. Анда ал борбордун мэрлигине көрсөтүлүп жаткан Азиз Суракматовго каршы жарандык коомдун каршылыгын күтөөрүн жашырбайт.
“Граждандык коомго!
Медиа өкүлдөрүнө!
Саясатчыларга!
Активдуу жарандарга!
Кландардын жабык, жашыруун сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы менен мэрлике, жогорку мамлекеттик кызматка келаткан адамдардын баарына, коомчулук, массалык маалымат каражаттары, граждандык коом, саясатчылар жана бишкектиктер каршы болушу керек!
Мамлекеттик жогорку кызматтарга, өзгөчө Бишкек шаарынын мэрлигине, ачык талкуу менен, так критерийлерлердин негизинде гана кадр сунушталса туура болот.
Мэр коомго позитивдуу жагынан таанымал , Бишкек мэриясы аркылуу ишкерликке тиешеси жок, коомдук так саясий позициясы бар, маанилүү мамлекеттик баалуулуктардын алып жүрүүчүсү, өзүнүн саясий позициясын коргой алган адам болушу керек!
Мэр бул эскиден кабыл алынып калган чарбалык кызмат эмес! Мэр бул саясий, маанилүү кызмат! Мэр бул көрүнүктүү саясатчы. Мэр реалдуу, өлкөдөгү маанилүү 5 кызматтын бири! Париждин мэри Жак Ширак Франициянын президенти болгон. Лондондун мэри Борис Джонсон Англиянын тышкы иштер министри болду. Келечекте премьер министри болот. Лондондун азыркы мэри Садик Хан, Лондондуктардын Трампка каршы митинг өткөрүүсүн ачык колдогон мэр.
Саясатчылар! Граждандык коомдун өкүлдөрү, массалык маалымат каражатарынын өкүлдөрү! Активдуу жарандар!
Бишкек регионалдык кландардын менчиги эмес! Бишкек биринчи кезекте Бишкектиктердики! Кыргызстандыкы!
Баарынар жабык, жашыруун регионалдык кландардын жылдырган мэрлерине каршы турушунар керек!”,-деп айтылат анын кайрылуусунда.
Эске сала кетсек, кечээ Бишкек шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалиция бирдиктүү талапкер катары курулуш компанияларанын ээси, КСДПнын мүчөсү Азиз Суракматовду көрсөткөн. Жарандык коом буга каршы чыгууда.