Бүгүн Бишкек шаардык сот камактагы саясатчы Равшан Жээнбековдун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча өтүнүчтү карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.
Жактоочу Замир Жоошев райондук соттун чечими күчүндө калуусу толук ыктымал экенин сот башталаар алдында айткан эле. Мындан тышкары жактоочу саясатчы Равшан Жээнбековдун кайрылуусун айтып берди.
Кошумчалай кетсек соттук отурум жабык өтүп, Жээнбековдун тарапташтары, жакындары жана ММК өкүлдөрү отурумга киргизилген эмес.
Эске салсак, Биринчи май райондук соту Равшан Жээнбековду 9-февралга чейин камакка алууга чечим чыгарган. Жээнбеков 12-декабрда Ички иштер министрлиги тарабынан кармалган.