• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жээнбековдун Next TV телеканалы текшерилүүдө. Министрликтин түшүндүрмөсү

12 Жетинин айы 202415:59 Бишкек Govori.TV

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Бишкек шаарынын тургуну Адылбек уулу Санжардын арызынын негизинде Next TV телеканалын текшере баштады. Бул тууралуу оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

«Арызда Next телеканалы чет элдик маалымат каражаттарын “Настоящее Время”, “Азаттык Медиа”, ошондой эле “TMedia” жана “PolitKlinika” сыяктуу ЖМКлардын телепрограммаларын көрсөтөөрү жана анын пикиринде, «Next» телеканалы жана «Арча Медиа» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуп атканы айтылат. “Next” телеканалы бир нече жылдан бери жогоруда аталган медиалар менен расмий келишимдердин негизинде иштеп, бул жылдар бою мыйзамга ылайык текшерилип келген», — деп жазды Жээнбеков.

Ал Маданият министрлигинин бул аракетин көз карандысыз маалымат каражатына жана өзүнө кысым катары баалаган.

Ал эми Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Салкын Сарногоева бул боюнча комментарий берип жатып, министрлик 21-октябрда аталган телеканалга кайрылып, эфирдик телеберүүлөрүн алышкан.

Сарногоева белгилегендей телеканалдын эч кандай документтери алынган эмес.

«Бир айлык телекөрсөтүүлөрдүн жазуулары алынган. Учурда көбүн көрүп бүттүк, аларда эч кандай мыйзам бузуулар аныкталган эмес. Арыз келип түшкөндүктөн биз аны карашыбыз керек», — деди ал.

Белгиленгендей акыркы корутунду кийинчерээк, алынган эфирлердин бардык көлөмү текшерилгенден кийин берилет.

Количество просмотров: 133