Саясатчы Равшан Жээнбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде сурак берип чыкканы тууралуу Фейсбуктагы баракчасына жазды.
“Сурактан чыктым. Бир нече суроо берип кайра кое беришти”, – деп жазган ал.
Белгилей кестек Равшан Жээнбеков шайлоодон кийин ыңкылап учурунда абактан чыккан. Ошол эле күнү мурадгы президент Алмазбек Атамбаев баштаган бир нече адам дагы абактан митингчилер тарабынан чыгарылган.
10-октябрда Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Канат Сагынбаев, Дамир Мусакеев, 11-октябрь күнү Салайдин Авазов кармалган.