• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Равшан Жээнбеков: «Республикалык деңгээлдеги ири курултай өтөт»

23 Тогуздун айы 2018 17:51 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 23.10.2018. Govori.TV
2018-жылдын ноябрь айынын аягында Республикалык деңгээлдеги ири курултай өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири  Равшан Жээнбеков билдирди.  Анын маалыматына караганда, курултайга кыргызстандын бардык саясатчылары катышат.
“Курултайдын негизги темасы  Кыргызстандын өткөнү, келечеги жана бүгүнкүсү болот. Курултай опозициялык  маанайда болбойт. Жыйындын негизги максаты  өлкөдөгү маанилүү социалдык-экономикалык,  саясий маселелерди  талкуулоо. Курултайга баардык саясий күчтөрдү чакырууну максат кылып жатабыз. Граждандык коомду, массалык маалымат каржаттарын,саясатчыларды  оң жээк, сол жээк чакырылат. Биз бир эле саясий күчтөр менен эле эмес, бийлик менен дагы консултацияларды жүргүздүк” – деди Жээнбеков.

Количество просмотров: 30