Бишкек.18.03.2019.Govori.TV.
Тажик тарап менен суйлөшүүлөрдүн натыйжасында жабылган жолдор бүгүн толугу менен ачылат. Бул тууралуу биринчи вице-премьер министр Жеңиш Разаков билдирди.
«Чечимди кабыл алып жатканда эки тараптын тең койгон талаптарын эске алдык. Ворух менен Ак-Сайдын жашоочуларына ыңгайлуу шарттарды түзүү маселеси каралды жана аймактагы транспорттук каттам мурдагы режимде толук калыбына келтирилет. Жабылган жолдор бүгүн ачылат, эч кандай посттор болбойт. Жарандарыбыз эркин өтүп жүрө алат»,-деди Разаков
Бүгүн кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча кол коюлган протоколго ылайык Баткендеги Көк-Таш–Ак-Сай–Тамдык жолунун курулуш иштери улантылат. Документке КРнын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков жана Тажикстандын премьер-министринин орун басары Азим Иброхим кол коюшкан.
Эске салсак, 2019-жылдын 13-мартында саат 15:30да Кожогар аймагында Кыргызстандын Баткен облусунун Аксай айылынын Тажикстандын Мехнатабад айылынын жашоочулары ортосунда жаңжал чыккан. Анын себеби Кыргызстанда жайгашкан Тажикстандын Ворух анклавынан өтчү Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушу болгон.