• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Разаков Душанбедеги кыргыз-тажик чек ара маселелери боюнча жыйынга катышат

5 Чын куран 201916:38 Бишкек Govori.TV


Бишкек. 05.04.2019. Govori.TV.  

Кыргызстандын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков баштаган Кыргыз Республикасынын делегациясы Дүйшөмбү шаарында Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык делегацияларынын кезектеги жыйынына катышат.

Кыргызстандык делегациянын курамына өлкөнүн тиешелүү министрликтеринин жана ведомстволорунун, ошондой эле Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү кирген.

13-14-мартта Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылдарынын тургундарынын ортосунда чатак чыккан. Анын натыйжасында бир нече адам жабыр тарткан. Тажикстандын Чек ара кызматы жаңжалда эки тажик жараны окко учканын, бир нече адам жабыркаганын кабарлаган. Ал эми кыргыз тараптан үч адамга ок тийген.

Количество просмотров: 53